Ысык-Көлдө ири эл аралык иш-чараларга даярдык күчөтүлүүдө

Аймак Загрузка... 06 Май 2026 17:52
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 06.05.26. /Кабар/. Энергетика тармагынын жетекчилиги облустагы стратегиялык объекттердин курулушу жана Шанхай кызматташтык уюмунун алдыдагы саммитине карата көрүлүп жаткан даярдыктар менен таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, энергетика министринин биринчи орун басары Ө. Жеңишбеков жана ”КУЭТ” ААКнын башкы директорунун орун басары И. Адиев иш сапарынын алкагында Григорьевка айылындагы курулуш иштерин текшеришти. Учурда аймактагы эски электр тармактары этап-этабы менен заманбап СИП зымдарына алмаштырылууда. Ал эми ”Григорьевка” көмөк чордонунда жогорку чыңалуудагы элегаздык өчүргүчтөр орнотулат.

Мындан тышкары, ”Долинка“ көмөк чордонун модернизациялоо долбоору башталды. Анда эски трансформаторлордун ордуна 40 МВА кубаттуулуктагы эки жаңы трансформатор орнотулуп, объекттин жалпы кубаттуулугу 80 МВАга чейин жогорулатылат.

Жетекчилер Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун электр камсыздоосун карап чыгышты. Быйыл өтө турган ШКУ саммитине карата объектти сапаттуу жана үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоо боюнча так тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, 4-майда ”Жыргалаң“ тоо лыжа курортунда президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары А. Кадыралиевдин төрагалыгында көчмө жыйын өттү. Анда мамлекеттик маанидеги ”Ала-Тоо Резорт“ туристтик кластерин түзүү боюнча президент тарабынан коюлган милдеттер талкууланды.

Жыргалаң өрөөнүнүн инфраструктурасын чыңдоо максатында төмөнкү иштер аткарылат:

  • 35 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын жер астына (кабель аркылуу) өткөрүү;
  • Каракол–Жыргалаң багыты боюнча 110 кВ жаңы электр чубалгысын куруу;
  • Көмөк чордондордун кубаттуулугун жогорулатуу.

Эске салсак, буга чейин Жыргалаңда ”Үч чоку“ жаңы көмөк чордону ийгиликтүү ишке берилип, 12,8 чакырым кабелдик чубалгылар тартылган.

Иш сапардын соңунда жетекчилер ”Жашыл мурас” улуттук кампаниясына катышып, ”Жыргалаң” курортунун аймагына ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузушту.