Ысык-Көлдө ички көчөлөр жана көл жээкке барчу жолдор асфальтталууда

Аймак Загрузка... 15 Июль 2025 11:05
copyright icon WWW

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун айылдарындагы ички көчөлөр жана көл жээкке барчу жолдор асфальтталууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Алсак, Тамчы айылында 5 ички көчөгө асфальт төшөө иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Тактап айтканда, Акеева, Исабеков, Чынгышбаев жана Жайлоокеев көчөлөрүнө асфальт төшөлдү.

Мындан тышкары, Сары-Ой айылында да асфальт төшөө иштери аяктап, жол каттамы жакшыртылды.

Учурда Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автоунаа жолунда жайгашкан Бар-Булак – Жылуу-Суу багытындагы 4 чакырым жолдо жер жумуштары жүрүп жатат.