Ысык-Көлдө "Формула-1" мелдешине карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Аймак Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 11:30
copyright icon ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө өтө турган суу-мотор спорту боюнча UIM F1H2O дүйнө чемпионаты ("Формула-1" суудагы жарышы) учурунда коопсуздукту камсыздоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө штабдары уюштурулду.

Министрликтин облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, 31-июлдан 2-августка чейин өтө турган мелдештин жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсыктарга ыкчам чара көрүү жана жеринде координация иштерин жүргүзүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

"Иш-чара өтүп жаткан аймактарда атайын унаалар, өрт өчүрүүгө ылайыкталган катерлер жана куткаруучулар нөөмөткө коюлуп, коопсуздук талаптары көзөмөлдөнүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Башкармалык эл аралык мелдеш учурунда катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш алып барууда.