Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы "Алтын-Булак" жана "Чайка" эс алуу жайларына алып баруучу унаа жолдоруна асфальт басылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдордун четинде сырткы жарыктандыруу системасын орнотуу иштери жүргүзүлүп, жакынкы күндөрү толук аяктайт.
Белгиленгендей, бул иштер президенттин колдоосу менен бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлдү.