Ысык-Көлдө эс алуу жайында мыйзамсыз курулуш аныкталды

Аймак 04 Август 2026 10:00
762655589_1554404446158599_6174303029250415836_n.jpg
763722917_1554404429491934_1946631632982514424_n.jpg
762867848_1554404369491940_4738836309635309407_n.jpg
762883269_1554404469491930_6309045239572725704_n.jpg
763098591_1554404392825271_8844835495888144045_n.jpg
763213738_1554404459491931_1530653729994781436_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө "Фемили Резорт" эс алуу жайында жүргүзүлгөн пландан тышкаркы текшерүүдө курулуш мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объекттин алты блогунда бекитилген долбоорго өзгөртүү киргизилбестен жана тиешелүү уруксат документтери алынбастан кошумча мансард кабаттар курулган.

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн "Бекем Строй" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом айып салынды жана мыйзам бузууларды жоюу тууралуу көрсөтмө берилди.

Ошондой эле объект мыйзам талаптарына толук ылайык келтирилгенге чейин бардык курулуш-монтаждоо иштерин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.