Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. 15-ноябрда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы эс алуу үйүндө белгисиз адамдар Э.Б. аттуу жаранга кол салып, денесине оор жаракат келтиришкен.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, тергөө тобу аталган дарекке барып, Э.Б.ны оор абалда табышкан. Жабырлануучу тез арада райондук ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлердин айтымында, жаран ошол эле күнү саат 19:30 чамасында алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Тергөө иштеринин натыйжасында окуяга тиешеси бар төрт шектүү аныкталып, кармалган. Алардын экөө милиция кызматкерлери:
- 1997-жылы туулган К.Ж., милициянын сержанты;
- 1997-жылы туулган Р.С., милициянын сержанты;
- 1997-жылы туулган А.А.;
- 2005-жылы туулган К.М.
Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
17-ноябрда сот шектүүлөргө эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.