Түп, Тоң жана Балыкчы: Көлдө электр кубаттоочу станциялар ачылууда

Аймак 02 Июнь 2026 10:40
713184224_982885884336387_4904153826520872006_n.jpg
711687097_982885904336385_7084361584946233093_n.jpg
712468868_982884967669812_5154537340504068741_n.jpg
713083732_982885934336382_3449329855629854749_n.jpg
713604750_982885897669719_8888195419360846237_n.jpg
713804798_982885891003053_3490870555816895208_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААК Ысык-Көл облусунун аймагында электромобилдерди кубаттоочу станциялар тармагын кеңейтүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Түп районунда төрт электр кубаттоочу станция жана Тоң районунда үч станция пайдаланууга берилди.

Учурда "Чакан ГЭС" ААКтын адистери Балыкчы шаарында төрт электр кубаттоочу станцияны орнотуу иштерине киришти. Курулуш-монтаждоо иштери аяктаган соң, жаңы объекттер пайдаланууга берилип, электромобиль ээлери үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Эске салсак, "Чакан ГЭС" ААК быйыл Ысык-Көл облусунун бир катар калктуу конуштарында кошумча электр кубаттоочу станцияларды орнотууну пландап жатат. Алсак, Кызыл-Суу айылында үч станция, Бостери жана Ак-Суу айылдарында төрттөн станция, ошондой эле Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында төрттөн станция орнотулат.