Ысык-Көлдө электромобиль кубаттоочу дагы 7 станция ишке кирди

Аймак 01 Июль 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-06-30 at 14.35.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-30 at 14.35.54.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-30 at 19.32.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-30 at 19.30.39.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-06-30 at 14.35.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-30 at 14.35.54.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-30 at 19.32.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-30 at 19.30.39.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon "Чакан ГЭС" ААК

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Экологиялык таза транспорт үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Ысык-Көлдө электромобилдерди кубаттоочу дагы 7 станция ишке кирди.

"Чакан ГЭС" ААКтан билдиришкендей, анын ичинен төртөө Балыкчы шаарында, ал эми үчөө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында орнотулду.

"Жаңы станциялар электромобиль айдагандарга өлкөнүн эң популярдуу туристтик маршруттары боюнча ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын башынан бери компания жалпысынан 18 жаңы кубаттоочу станцияны ишке берди. Буга чейин Кара-Көлдө 4, Түптө 4 жана Бөкөнбаевде 3 ушундай станциялар ачылган.