Ысык-Көлдө эл аралык стандарттагы үч ири эс алуу борбору курулууда

Аймак 6 октябрь 2025 10:15
1bd2caf9d8da4098a8e49295c98eef65-45668e2503ce6b545.15372873.jpg
img_6988-52868e252ecea2407.51560381.jpg
img_6961-67168e252ece5ffb7.60052263.jpg
img_6948-50868e2503ce886e7.95983713.jpg
1bd2caf9d8da4098a8e49295c98eef65-45668e2503ce6b545.15372873.jpg
img_6968-38468e2500d4a2f55.58910070.jpg
img_6961-78668e2500d484411.34278308.jpg
img_6944-52168e2500d464e97.38737031.jpg
img_6940-64268e24fe723fb05.26363729.jpg
img_6990-30668e24ecb71a385.73597696.jpg
Алдыга
Артка
1bd2caf9d8da4098a8e49295c98eef65-45668e2503ce6b545.15372873.jpg
img_6988-52868e252ecea2407.51560381.jpg
img_6961-67168e252ece5ffb7.60052263.jpg
img_6948-50868e2503ce886e7.95983713.jpg
1bd2caf9d8da4098a8e49295c98eef65-45668e2503ce6b545.15372873.jpg
img_6968-38468e2500d4a2f55.58910070.jpg
img_6961-78668e2500d484411.34278308.jpg
img_6944-52168e2500d464e97.38737031.jpg
img_6940-64268e24fe723fb05.26363729.jpg
img_6990-30668e24ecb71a385.73597696.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар ири курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр алгач Тамчы айылында “Авангард” ЖЧКсы куруп жаткан “Tamchy Resort” эс алуу борборуна барды. Коттедждер жана таунхаустар курулуп жаткан бул долбоордо курулуш иштери белгиленген мөөнөттөн алдыда жүрүп жатканы белгиленди.

Андан кийин министр “Urpaq Invest” компаниясы куруп жаткан “Urpaq Resort” төрт мезгилдүү курорттук резиденциясынын жана “Елизавета” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан “Elizaveta Resort” комплексинин курулуштарын көрүп чыкты. Бул долбоорлор да келечекте аймактагы ири эс алуу борборлорунун бири болот.

Өз сөзүндө министр Ысык-Көлдү туризмдин борбору деп атап, аймакта эл аралык стандарттарга жооп берген эс алуу жайларынын курулушу өлкөнүн туристтик потенциалын арттырууда маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Министрлик курулуш жана инфратүзүм тармагындагы мындай долбоорлорду мындан ары да колдой берерин кошумчалады.