Ысык-Көлдө эл аралык “Наристе” фестивалынын жабылыш аземи өттү

Маданият Загрузка... 08 Июнь 2026 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Чолпон-Атадагы "Рух Ордо" маданий борборунда VI эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалынын салтанаттуу жабылыш аземи өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада мэр Айбек Жунушалиев фестивалдын катышуучуларына сертификаттарды жана жаш таланттарга белектерди тапшырды.

Калаа башчысы өз сөзүндө балдардын талантына, эмгекчилдигине жана өз маданиятына болгон сүйүүсүнө жогору баа берип, алар өз өлкөлөрүн татыктуу деңгээлде таанытып, көрүүчүлөргө унутулгус таасирлерди жана жагымдуу эмоцияларды тартуулаганын белгиледи.

Салтанаттуу азем фестивалдын катышуучуларынын улуттук кара жорго бийин биргелешип аткаруусу менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, фестивалга Беларусь, Монголия, Казакстан, Корея, Түркия, Румыния, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген балдардын чыгармачыл жамааттары катышты.