Ысык-Көлдө экологиялык талаптарды бузган 4 кеменин ээсине айып салынды

Аймак Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 09:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында атмосфералык абаны коргоо боюнча жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө 14 теплоход текшерилди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталып, төрт жеке тарапка административдик протокол түзүлдү.

Ар бир укук бузуучуга 7 миң 500 сомдон айып пул салынып, жалпы сумма 30 миң сомду түздү.

Министрлик айлана-чөйрөнү коргоо жана атмосфералык абанын тазалыгын камсыз кылуу боюнча рейддик иш-чараларды мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзөрүн белгиледи.