Ысык-Көлдө экологиялык мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл күчөтүлдү

Аймак 2 июль 2025 11:58
514333639_722725173713948_7602043113538504645_n.jpg
514334879_722725143713951_8035036789820310920_n.jpg
514669035_722725237047275_6916896679144075983_n.jpg
514695587_722725193713946_2167723352437602314_n.jpg
Алдыга
Артка
514333639_722725173713948_7602043113538504645_n.jpg
514334879_722725143713951_8035036789820310920_n.jpg
514669035_722725237047275_6916896679144075983_n.jpg
514695587_722725193713946_2167723352437602314_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек 02.07.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусунда экологиялык мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан 27-30-июнда Ысык-Көл облусунун аймагында атайын текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Бул иштер КР президентинин төмөнкү жарлыктарын ишке ашыруу алкагында жүргүзүлдү:

  • "Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө";
  • "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө".

Текшерүүнүн негизги максаттары:

  • суу объекттеринде балык запастарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу;
  • эс алуу жайларында жана конок үйлөрүндө саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын туура иштешин камсыздоо;
  • базарларда мыйзамсыз балык сатылышына бөгөт коюу;
  • Ысык-Көлдүн жээгинде таштандыларды мыйзамсыз ыргытууга каршы күрөшүү.

Текшерүү учурунда жалпы 19 укук бузуу фактысы катталып, мыйзам бузгандарга карата жалпы 106 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Белгилей кетсек, бул иштер КР президентинин төмөнкү жарлыктарын ишке ашыруу алкагында жүргүзүлгөн.