Ысык-Көлдө экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча рейд уланууда

Аймак 28 Июль 2025 17:27
524865541_742592368393895_5684381621464969789_n.jpg
524931330_742592585060540_318840859973956656_n.jpg
525152428_742592595060539_1022254395802649111_n.jpg
525269681_742592471727218_7791168541795744859_n.jpg
Алдыга
Артка
524865541_742592368393895_5684381621464969789_n.jpg
524931330_742592585060540_318840859973956656_n.jpg
525152428_742592595060539_1022254395802649111_n.jpg
525269681_742592471727218_7791168541795744859_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча рейд жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан "Ак-Жол" ЖЧК асфальт-бетон заводуна пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында акт түзүлүп, 4 пункттан турган эскертме берилди.

Ошондой эле КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин "Атмосфералык абага зыяндуу заттардын чыгуу эрежелерин бузуу" беренеси боюнча протокол түзүлүп, ишканага 28 миң сом айып салынды. Түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, инспекторлор Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясы менен биргеликте Кара-Ой айылындагы пляж аймактарына кыдыруу жана көзөмөлдөө иштерин улантууда.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана чарба субъекттерин жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле экологиялык талаптарды сактоого чакырат.