Ысык-Көлдү балык уулоочу торлордон тазалоо тынымсыз жүрүүдө

Коом Загрузка... 08 Октябрь 2025 18:01
copyright icon Аскат Алагөзовдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Ысык-Көлдү балык уулоочу торлордон тазалоо тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармакка жазды.

Анын айтымында, көлдү тор жана таштандылардан тазалоо бир жолку эмес, ырааттуу жана системдүү мүнөздөгү иш.

"Бул маселе боюнча тийиштүү органдар мамлекет башчыга туруктуу негизде маалымат берип турушат", - деди ал.