Ысык-Көлдө балдардагы нерв-булчуң ооруларын дарылоонун ыкмалары боюнча конференция өттү

Ден соолук 26 Август 2025 16:45
e0eecf44-6ac3-483a-8c6c-94b0ec028fd6-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.31.00 (1).jpeg
ffac4c97-41c3-4c3e-a07b-06efab5ecf97-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.31.00.jpeg
faa5acf0-0c7f-48d9-8b38-8d5a9420ab43-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.30.58 (3).jpeg
0c12ccf1-a835-4656-aa6b-8f6a786acd5c-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.30.59 (4).jpeg
2ad3205d-6118-44ab-8397-b06e2ba35a42-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.30.59 (2).jpeg
3f4109f6-108a-4c19-a59e-dff6a2b6a167-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.30.59.jpeg
17dd6413-70f4-4359-99e6-a7b1c827f532-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.31.00 (4).jpeg
88da6c6f-1fd9-457c-9c5b-13b99c1051e1-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.30.59 (3).jpeg
6922fe6a-c11f-4c7d-9b37-7732cb5b2725-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.30.58.jpeg
94940706-4e4b-4309-a327-3ecd64109360-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.30.58 (2).jpeg
a6aa74d0-b02d-46b7-a4e1-1789e50bc5a5-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.30.58 (4).jpeg
c66de664-2ed3-4023-abf0-e08eef626ee5-WhatsApp Image 2025-08-26 at 08.30.59 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. 25-26-августта Ысык-Көлдө "Балдардагы нерв-булчуң дегенеративдүү ооруларын диагностикалоо, патогенетикалык терапия жана реабилитациялоонун заманбап ыкмалары" аталышындагы илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, конференция тажрыйба алмашуу жана балдар неврологиясы, медициналык генетика жана реабилитация тармактарындагы акыркы жетишкендиктерди талкуулоого багытталган.

Нерв-булчуң ооруларын эрте аныктоого өзгөчө көңүл бурулду, бул өз убагында терапия баштоого жана бейтаптар үчүн жакшыраак прогноз түзүүгө шарт түзөт. Ошондой эле патогенетикалык терапияны колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, бейтаптарды алып баруунун заманбап ыкмалары, комплекстүү медициналык жана социалдык реабилитацияны уюштуруу маселелери каралууда.

Иш-чарага Кыргызстандын алдыңкы адистери менен катар чет өлкөлүк медициналык борборлордун эксперттери катышууда. Мындай формат мыкты тажрыйбаларды алмашууга өбөлгө түзүп, эл аралык стандарттарды улуттук саламаттык сактоо системасына интеграциялоого жана сейрек кездешүүчү оорулары бар балдарга жардам көрсөтүүдө междисциплинардык мамилени калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Конференциянын башкы максаты — нерв-булчуң дегенеративдүү оорулары бар балдарга медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, диагностиканын жана терапиянын инновациялык ыкмаларын киргизүү, ошондой эле комплекстүү реабилитация системасын өнүктүрүү. Мындай иш-чаралар адистерди даярдоодо, алардын билимин кеңейтүүдө жана заманбап клиникалык практикаларды Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына киргизүүдө негизги роль ойнойт.