Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Ысык-Көлдүн туристтик жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө Азербайжандын салымы тууралуу айтты.
Алиев бүгүн Ысык-Көлдө "Баку" 5 жылдыздуу мейманканасы ачыларын, бул долбоор эки элдин достугунун жана боордош мамилелеринин символу экенин белгиледи.
"Бул демилге Азербайжандын Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы", - деди ал.