Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. 2026-жылдын биринчи жарымында Ысык-Көл аймагында саркынды сууларды тазалоо боюнча 35 жаңы курулма курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Бекжан Султангазиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, натыйжада саркынды сууларды тазалоо боюнча объектилердин жалпы саны быйыл 286га жетти. Ал эми 2025-жылы 251 курулма болгон.
“Аймактагы бардык конок тосуучу жайлары саркынды сууларды тазалоочу курулмалары болуш керек же тиешелүү курулмаларга кошулушу зарыл. Туристтик сезондун башталышында жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында Ысык-Көлдө 1 миң 267 рекреациялык объект аныкталган. Анын ичинде 171 пансионат, 62 мейманкана, 984 конок үйү жана 50 боз үй шаарчасы бар.
Айрым объекттер сезондук иштегендиктен, аларды толук кандуу эсепке алуу кыйынчылыктарды жаратат. Ошондой болсо да жыл сайын көрсөткүчтөр жакшырып, тазалоочу курулмалардын саны көбөйүп жатат”, - деп белгиледи Султангазиев.
Ал дагы деле саркынды сууларды тазалоо системасына туташпаган же тиешелүү курулмалары жок объекттер бар экендигин кошумчалады.