Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Ысык-Көл районунда айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 17,4 млн сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ысык-Көл районунун прокуратурасы Жер жана Токой кодекстеринин, ошондой эле "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнө жана Ысык-Көл токой чарба кызматында текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында токой жана айыл чарба өндүрүшүнө келтирилген жоготуулар үчүн, ошондой эле алынбай калган пайданын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр өз убагында жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.
Аталган мыйзам талаптарынын бузулушун четтетүү максатында райондук прокуратура тарабынан прокурордук акты келтирилип, мамлекеттик бюджетке жалпысынан 17 млн 401 миң 200 сом өлчөмүндө акча каражаттары өндүрүлдү.