Ысык-Көлдө 822 конок үйү саркынды сууларды тазалоо курулмаларына кошулган эмес

Аймак 12 июнь 2025 17:00
506021937_707650961888036_6758475388684798904_n.jpg
505917079_707651018554697_5532560450267613422_n.jpg
Алдыга
Артка
506021937_707650961888036_6758475388684798904_n.jpg
505917079_707651018554697_5532560450267613422_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 822 конок үйү саркынды сууларды тазалоо курулмаларына туташтырылган эмес. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин "Ысык-Көл көлүнүн экологиясын коргоо боюнча шашылыш чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан эс алуу объектилерине инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Көл облусунун аймагында экологиялык мыйзам бузууларды көзөмөлдөө жана алдын алуу иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө.

Белгиленгендей, тазалоо курулмалары жок болгон конок үйлөр, пансионаттар жана мейманканалар ишмердүүлүгүн улантууга уруксат албайт.