Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. 4-9-сентябрда Ысык-Көлдө III Түрк Универсиадасы өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештерге Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Кыргызстандын студенттик курама командалары катышат. Байкоочу катары Венгрия менен Тажикстандын өкүлдөрү да чакырылган.
Универсиадада спорттун жети түрү боюнча таймаштар болот:
- Шахмат;
- Стол тенниси;
- Волейбол;
- Дзюдо;
- Эркин күрөш;
- Грек-рим күрөшү;
- Футзал.
Белгиленгендей, Түрк Универсиадасы түрк өлкөлөрүнүн жаштарынын достугун бекемдөөгө жана ден соолукту чыңдоого өбөлгө түзөт.