Ысык-Көлдө 3,5 баллдык жер титирөө катталды

Кырсык 137 13 Август 2026 10:40
WhatsApp_Image_4bShG0I.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Бүгүн саат 02:49да Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллды түздү. Жер титирөөнүн очогу Кара-Сай айылынан 22 чакырым түндүк-чыгышта, Барскоон айылынан 53 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Кара-Сай айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.

771795762_103404936.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014