Дайынсыз жоголгон 19 жаштагы жигиттин сөөгү Ысык-Ата суусунан табылды

Кырсык
copyright icon www

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Дайынсыз жоголгон 19 жаштагы жигиттин сөөгү Ысык-Ата суусунан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында милицияга 2007-жылы туулган Азим Жыргалбековдун дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Арызда ал 28-октябрда Бишкек шаарындагы батиринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы көрсөтүлгөн.

Аталган факты каттоого алынып, издөө жана текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан жарандын акыркы жолу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында достору менен жолукканы аныкталган.

Бүгүн, 9-ноябрда ӨКМ жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө Азим Жыргалбековдун сөөгү Дмитриевка жана Буденовка айылдарынын ортосундагы Ысык-Ата дарыясынан, көпүрөгө жакын жерден табылган.

Учурда аталган факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Окуянын жагдайлары такталууда.