Кытайда сел жүрүп, 558 адам дайынсыз болууда

Дүйнө 27 августа 2026 12:40
hruuujpc22nugteve_x0hk9aipfgds6p.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Кытайда болгон ири селдин кесепетинен 500дөн ашык адам дайынсыз болуп, алардын 260ы чет өлкөлүк жарандар экени маалымдалды. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 3 адам каза болуп, 558 адам дайынсыз жоголгон.

26-августта эртең менен Кытайдын Тибет автономдуу районундагы Шигадзе шаардык округунун Кытай менен Непалдын чек арасындагы "Гьиронг" (Цзилун) өткөрмө пунктунун аймагында Непал тараптан ири сел жүргөн.

Коңшу Непалда да суу ташкыны болуп, кеминде 157 адамдын өмүрү кыйылган. Кырсык Тибет тоолорунан агып түшкөн Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээлинин кескин көтөрүлүшүнөн улам болгон.