Ысык-Көлдө 29,8 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 02 Апрель 2025 10:35
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.09.50.jpeg
copyright icon Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө 29,8 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Түп районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Түп айыл өкмөтүндөгү 29,8 гектар айыл чарба багытындагы жер тилке жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өткөрүлгөндүгү аныкталган.

Жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан баасы 13 млн 82 миң сомду түзгөн 29,8 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды.