Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 23 курулуш объектиси текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, рейдде курулуш-монтаждоо иштеринин бекитилген долбоордук документтерге шайкештиги, курулуш ченемдери менен эрежелеринин, техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышы, ошондой эле тармакта киргизилген жаңы талаптардын аткарылышы каралды.
Аталган объектилер төмөндөгүлөр:
- Кара-Ой айылы, “Турпан Парк” эс алуу борборунун апартаменттери, коттедждери жана кафеси — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
- Кара-Ой айылындагы апартаменттердин жана кафенин курулушу — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
- Сары-Ой айылы, “Терма” мейманканасы — “СК Авангард Групп” ЖЧКсы;
- “Фонтан Плюс” эс алуу аймагындагы конок үйлөрү жана коттедждери— “Турпан Строй” ЖЧКсы;
- “Алтын-Кум-Плюс” эс алуу борборунун курулушу — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
- Кара-Ой айылы “Турпан” эс алуу борборунун көп кабаттуу имараттарынын курулушу — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
- Кара-Ой айылы, “Турпан Резорт” эс алуу борборунун административдик комплекси — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
- Кара-Ой айылы, “Турпан Резорт-2” эс алуу борборунун курулушу — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
- Тамчы айылындагы 4 кабаттуу 10 корпустун курулушу — “Елизавета” ЖЧКсы;
- Кара-Ой айылы, “Форте Вилладж” эс алуу борборунун коттедждери — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
- Кара-Ой айылы, “Турпан Резорт-2” эс алуу борборунун коттедждеринин курулушу — “Турпан Строй” ЖЧКсы;
- Тамчы айылы, “СКБ”, казино, апартаменттер жана конок үйлөрү жайгашкан эс алуу борборунун курулушу — “Елизавета” ЖЧКсы;
- Тамчы айылы, “Урпак Резорт” эс алуу борборунун курулушу — “Кыргыз Инвест Строй” ЖЧКсы;
- Кара-Ой айылы, “Ак-Бермет” эс алуу аймагындагы 5 кабаттуу апартаменттердин жана коттедждердин курулушу — “Кап Строй Кей Джи” ЖЧКсы;
- Шайыбек Ата айыл аймагы, “One Resort” эс алуу борборунун курулушу — “Монолит Капитал Строй” ЖЧКсы;
- Шайыбек Ата айыл аймагындагы 5 кабаттуу апартаменттер — “Севен Девелопмент” ЖЧКсы;
- Чок-Тал айылындагы эки кабаттуу 4 конок үйүнүн курулушу — “Эксперт Логистик” ЖЧКсы;
- Бостери айылы, “Даймонд Резорт” эс алуу борборунун курулушу;
- Бостери айылындагы көп батирлүү турак үйдүн курулушу — “ЦА Инвест Строй” ЖЧКсы;
20. Бостери айылы, “Имарат Резорт” эс алуу борборунун курулушу — “Имарат Строй” ЖЧКсы;
21. Чолпон-Ата шаары, “Ак-Кеме Резорт” эс алуу борборунун курулушу — “ТАНАР Групп” ЖЧКсы;
22. Тамчы айылы, "Тамчы-Резорт" эс алуу борборунун курулушу — "Авангард Резорт" ЖЧКсы;
23. Бостери айылы, "Номад" туристтик комплексинин аймагындагы эки кабаттуу конок үйлөрү — "Браво Билд" ЖЧКсы.