Чек ара көзөмөл пункттарында коррупциялык тобокелдиктер текшерилди

Аймак
Чек ара көзөмөл пункттарында коррупциялык тобокелдиктер текшерилди
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 16.11.26 /Кабар/. «Ак-Тилек» жана «Моловодное» транспорттук көзөмөл пункттарында иштин мыйзамдуулугу, ачык-айкындуулугу жана натыйжалуулугу текшерилди.

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин тапшырмасы менен министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев 14-ноябрда аталган пункттардын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

Текшерүүдө салмак-габариттик көзөмөл тутумдарынын иштеши, жабдуулардын абалы жана оор жүк ташуучу унаалардын белгиленген талаптарды сактоосу каралды.

Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө, мыйзамсыз төлөмдөргө жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү тапшырылды.

Белгиленгендей, салмак-габариттик талаптарды сактоо жолдордун бузулушун алдын алып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.