Кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрмө пункту ишин жандантты

Аймак Загрузка... 23 Май 2025 09:30
2071691121.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.05.25 /Кабар/. 22-майдан тарта кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан "Бедел-автожол" көзөмөл-өткөрүү пункту ишин жандандырды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бедел-автожол" пункту көп тараптуу (эл аралык) жүргүнчүлөр үчүн өткөрүү пункту болуп эсептелет.

Белгиленгендей, пункт күнү-түнү иштейт, бирок тараптардын макулдашуусу менен иш тартибине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон - Учтурфан - Аксу автожолунан 150 чакырым аралыкта жайгашкан.