Чүй облусунда жаңы көзөмөл-өткөрүү пункту курулары айтылды

Коом Загрузка... 23 Декабрь 2025 15:25
201764.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Чүй облусунда жаңы көзөмөл-өткөрүү пунктун куруу пландалууда. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Чүй облусунун башчысы Азамат Осмонов болжол менен 15 жыл мурун жабылган “Камышановка” көзөмөл-өткөрүү пунктуна барып, инфраструктуранын канааттандырарлык эмес абалын көрүп чыкты.

Ага ылайык, ал жерде жүк автотранспортун өткөрүүгө ылайыкталган жаңы көзөмөл-өткөрүү пунктун куруу каралууда. Бул долбоор импорт жана экспорт шарттарын жакшыртууга, ошондой эле транспорттук-логистикалык каттамдардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.