Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун Токмок шаарында Чүй-Кемин бөлүмү үчүн жаңы административдик имарат курулууда.
Аталган борбордон билдиришкендей, объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү менен президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов жана мамлекеттик борбордун директору Тынычбек Саидов таанышып, алдыдагы иштерди талкуулашты.
Имаратта транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо, ошондой эле квалификациялык теориялык жана практикалык сынактарды өткөрүү үчүн заманбап шарттар каралган.
Мындан тышкары, практикалык сынактарды өткөрүүгө арналган заманбап автодром курулат. Жаңы имарат Чүй жана Кемин райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын тургундары үчүн кызматтарды бир жерден ыкчам жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт.