Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Ош шаарында туристтердин агымын көбөйтүү жана шаардын туристтик дараметин жогорулатуу максатында эки заманбап асма жол куруу пландалууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Жанарбек Акаев чет элдик компаниялардын өкүлдөрү жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрүп, долбоордун багыттарын талкуулады. Ошондой эле асма жол курулушу мүмкүн болгон аймактар жеринен каралды.
Алдын ала долбоорго ылайык, асма жолдордун бири Юго-Восток кичирайонунан Ак-Буураны бойлой Навои атындагы сейил бакка чейин, экинчиси Керме-Тоо тоосунан тартылышы мүмкүн.
Долбоорду талкуулоо үчүн Ошко австриялык Doppelmayr, франциялык Ammandy жана кытайлык курулуш компанияларынын адистери келишти.
Учурда сүйлөшүүлөр жана даярдык иштери жүрүп жатат. Бардык макулдашуулар аяктаса, курулушту келерки жылдын жаз айларында баштоо пландалууда.