Ысык-Көлдө 167 млн сомдук муниципалдык мүлктөр мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 09 Март 2026 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Ысык-Көл районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында жалпы баасы 167 млн 568 миң сомду түзгөн жер тилкелери жана объекттер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө 1997-2004-жылдар аралыгында Чолпон-Ата шаарында мэрияга тиешелүү 0,08 га жер, Ананьево айыл аймагында муниципалдык автовокзалга тиешелүү 139,4 чарчы метр курулуш объектиси жана 0,16 га жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган.

Ошондой эле "Чолпон-Ата SOS балдар айылы" коомдук фондунун менчигине берилген “сугат айдоо” категориясындагы 4 га жер аянты дагы мыйзам талаптарын бузуу менен берилген.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, жалпы аянты 4,26 гектарды түзгөн бул жерлер муниципалдык менчикке кайтарылып, тийиштүү документтер толтурулду.