Ысык-Көлдө 10 га жер жана автобекет имараты мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 02 Октябрь 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун прокуратура органдары жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жалпы аянты 10 гектарды түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери жана Түп районунун Түп айылында жайгашкан автобекеттин имаратынын 207 чарчы метр бөлүгү мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткендиги тастыкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде, жалпы баасы 23 млн 377 миң сомду түзгөн мүлк мамлекеттин балансына кайтарылды:

  • 18 млн 686 миң сомдук жер тилкелери;
  • 4 млн 691 миң сомдук имараттын бөлүгү.

Прокуратура мыйзамсыз менчиктештирүүгө каршы күрөшүүнү жана мамлекеттик мүлктү кайтаруу ишин улантууда.