Ысык-Көлдө 1 163 чакырым электр зымы техникалык тейлөөдөн өттү

Аймак 18 август 2025 09:55
533126465_756715223620122_1966647408564393276_n.jpg
533677956_756715416953436_6900807090956780538_n.jpg
533959572_756715180286793_8776852712582957700_n.jpg
534721992_756715176953460_349073737975870844_n.jpg
535416815_756715893620055_6140299853057543580_n.jpg
536095456_756715253620119_3145076632311762705_n.jpg
536401900_756715446953433_3521429606925314707_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 18.08.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 1 163 чакырым электр зымдары техникалык тейлөөдөн өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле Ысык-Көл электр тармагы ишканасы тарабынан 2025-жылдын башынан бери төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

  • 895 даана 10/0,4 кВ чыңалуудагы көмөк чордон;
  • 1163,2 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өттү.

Мындан тышкары, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө:

  • 133,4 чакырым аба чубалгылары;
  • 175 даана көмөк чордондору толук оңдоодон өттү;
  • иштөө мөөнөтү бүткөн 451 жыгач мамы жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды.

Трансформатордук оңдоо цехинин кызматкерлери жыл башынан бери 70 трансформаторду толук оңдоп, алардын 14 тоннага жакын майын тазалашты.