Ысык-Көлдө жана Орто-Токой суу сактагычында канаттуулар саналууда

Аймак 27 январь 2026 11:00
1.jpg
621829048_884839630835834_2881761486594320559_n.jpg
622777587_884839747502489_1792450339421847128_n.jpg
622787769_884839547502509_5472401963754412619_n.jpg
622793260_884839714169159_3673519850562352626_n.jpg
622796094_884839550835842_8077146905146641682_n.jpg
622804983_884839660835831_6886416762126064439_n.jpg
622822421_884839720835825_4450973746605679711_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү жана Орто-Токой суу сактагычындагы сууга жакын жана сууда сүзүүчү канаттууларды кышкы эсепке алуу иштери жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, санакты Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы жүргүзүүдө.

Жыл сайын – кышында, жазында жана күзүндө суу жээгиндеги жана сууда сүзүүчү канаттууларга, ошондой эле алардын Ысык-Көлдөгү чөйрөсүнө экодемографиялык мониторинг жүргүзүлөт.

Адистердин айтымында, канаттууларды эсепке алуу Борбор Азиянын миграциялык каттамдарынын маанилүү участогу болуп саналган Ысык-Көл аймагында жашаган канаттуулардын кышкы жана келгин түрлөрү менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

"Канаттуулардын саны жана таралышы боюнча алынган маалыматтар суу объектилеринин абалын, аймактын экологиялык балансын баалоого мүмкүндүк берет жана социалдык-экономикалык абалдын көрсөткүчтөрү катары кызмат кыла алат", - деп айтылат маалыматта.