Ысык-Көл жана Нарынга бараткан жолдорго таштанды урналары орнотулууда

Аймак Загрузка... 20 Июль 2026 14:45
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт (137-км) жана Балыкчы – Ананьево – Каракол (28-км) унаа жолдорунун бойлоруна таштанды урналары коюлууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен блидиришкендей, урналар №10 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жол жээктериндеги санитардык тазалыкты камсыз кылуу, курчап турган чөйрөнү коргоо жана саякатчылар үчүн комфорттук шарт түзүүгө багытталган.

Министрлик бардык айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү таштандыларды атайын орнотулган урналарга гана ыргытып, тазалыкты сактоого чакырат.