Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын башкы консулу Жеңишбек Асанкулов Казакстандын Алматы облусунун акими Марат Султангазиев менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун ар тараптуу суроолорун талкуулашты.
Ошондой эле Ысык-Көл менен Алматы облустарынын ортосундагы эки тарапка өз ара пайдалуу багыттар боюнча мындан аркы аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча пикир алмашышты.
Башкы консул Асанкулов өз сөзүндө Алматы облусу менен кызматташууда өз ара товар алмашууну өстүрүү, биргелешкен ишканаларды түзүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү экендигин белгилеп, айыл-чарба, тамак-аш өндүрүшү, курулуш, туризм жана билим берүү тармактарын кызматташуунун башкы багыттары катары белгиледи.
Ысык-Көл облусуна жана Казакстандын Алматы облусуна ишкерлердин сапарларын, жолугушууларын уюштуруу сунушталды.
Өз кезегинде аким Султангазиев Алматы облусунун өндүрүш жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.
Тараптар баардык багыттар боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга даярдыгын билдиришти.