Ысык-Көл: Тору-Айгыр айылынын таза суу системасы жаңыланууда

Аймак 20 июнь 2025 11:40
ccab30f2-8660-4873-8d10-aebcf7f7da38.jpg
a79e014d-d107-4f21-a252-d691f775f3b2.jpg
4c87a2e9-6d7c-4eb5-8996-ed0b134ce11d.jpg
Алдыга
Артка
ccab30f2-8660-4873-8d10-aebcf7f7da38.jpg
a79e014d-d107-4f21-a252-d691f775f3b2.jpg
4c87a2e9-6d7c-4eb5-8996-ed0b134ce11d.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 20.06.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында ичүүчү таза суу тутуму жаңыланууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, долбоор республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси аркылуу каржыланууда.

Учурда курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат. Анын алкагында РЕ-100 75*4,5 мм пластик суу түтүктөрүнүн 4 850 метри монтаждалып бүттү. Мындан тышкары, айыл ичиндеги ичүүчү суу түтүктөрүн тартуу боюнча иштер улантылып, суу кудуктары орнотулууда.

Ошондой эле суу сактагыч кампасынын (резервуардын) орду даярдалып, тиешелүү курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери жалпы 30 пайызга аткарылды. Долбоорду 2025-жылдын аягында толук аяктоо пландалууда.