Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. 13-майда уюштурулган рейдде Ысык-Көлдүн түбүнөн 2100 метр синтетикалык тор чыгарылды. Бул туурлуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай торлор көлдүн экосистемасына олуттуу коркунуч келтирет. Алар сууда калып калган учурда да балыктар менен башка суу жандыктарын жок кылууну улантып, биологиялык тең салмактуулукка доо кетирет. Мындан тышкары, синтетикалык материалдар ондогон жылдар бою чирибей, суунун сапатын начарлатып, экологияны булгайт.
Белгиленгендей, 2026-жылдын башынан бери Экологиялык кызматтын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан көлдүн түбүнөн жалпысынан 23 миң 100 метр синтетикалык тор жана 760 килограмм таштанды чыгарылган.
Учурда браконьерликке каршы күрөш жана Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.