Ысык-Көл селден корголууда: Өзгөчө кырдаалдар министри аймакка барды

Аймак Загрузка... 11 Июль 2026 14:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан сел өтүүчү каналдардын курулушунан жана селдин кесепеттерин жоюу иштеринен кабар алды.

Ведомствонун маалыматына караганда, быйыл ӨКМ тарабынан облустун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту, Темир айылында сел өтүүчү канал курулууда. Долбоор боюнча эки айылдагы каналдын курулушун ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү каралган.

Алсак Бактуу-Долоноту айылында 2025-жылдан бери жалпы узундугу 2570 м сел өтүүчү канал, ал эми Темир айылында жалпы узундугу 2040 м каналдын курулушу жүрүүдө.

Мындан тышкары, министр Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында Чоң-Ак-Суу суусунун нугунда курулган көпүрөнү көрүп чыкты.

Чыныбаев райондогу жергиликтүү эл үчүн жана туристтик аймак катары эсептелген Ысык-Көл районундагы коопсуздук маселеси маанилүү экенин баса белгиледи.