Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Ушул сааттарда Ысык-Көл облусундагы 7 округга караштуу 250 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын саны 75 миң 155 адамды же 21,5%ды түздү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, облуста жалпысынан 353 миң 516 шайлоочу бар.
Саат 16:00гө карата облуста төмөндөгүдөй санда добуш берилген:
- Ак-Суу району – 11545 же 25,1%;
- Ысык-Көл району – 12926 же 20,0%;
- Түп району – 11650 же 24,8%;
- Тоң району – 10198 же 24,9%;
- Жети-Өгүз району – 14993 же 22,3%;
- Каракол шаары – 7692 же 14,8%;
- Балыкчы шаары – 7151 же 19,8%.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.