Ысык-Көл районунун бюджети акыркы 5 жылда төрт эсе өстү

Экономика
Ысык-Көл районунун бюджети акыркы 5 жылда төрт эсе өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. 

Анда мамлекет башчысына акыркы беш жылда райондун республикалык бюджеттен каржылоо көлөмү кыйла көбөйгөнү маалымдалды.

Эгерде 2021-жылы бул көрсөткүч 142,5 млн сомду түзсө, 2026-жылдын 10 айында 1,8 млрд сомго жетип, 12 эседен ашык өскөн. Бул мезгилде жергиликтүү бюджет дээрлик төрт эсеге – 226,9 млн сомдон 890,4 млн сомго чейин көбөйгөн.