Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Анда маалымдалгандай, соңку беш жылда Ысык-Көл районунда 63 жаңы ишкана ачылып, 2 154 жумуш орду түзүлгөн. 2026-жылдын 10 айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 826,2 млн сомду түзүп, 2021-жылдагы көрсөткүчтөн алты эсеге ашкан. Жыл жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 1,2 млрд сомго чейин көбөйүшү күтүлүүдө.