Чолпон-Ата, 27.06.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Дордой - офтальмик сервис” көз микрохирургия борборунун 30 жылдыгын утурлай эл аралык Ысык-Көл офтальмологдор конгресси өтүүдө.
Иш-чарага "Дордой - офтальмик сервис" көздүн микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов, өлкөнүн алдыңкы көз дарыгелери, ошондой эле Түркия, Россия, Казакстан, Кореядан келген көз дарыгерлери катышууда.
Конгресстин жүрүшүндө эл аралык жана жергиликтүү адистер тарабынан баяндамалар окулуп, катышуучулар заманбап офтальмологиялык жабдуулар менен таанышууда.