Чолпон-Ата, 27.06.25. /Кабар/. Ысык-Көл офтальмологдор конгресси дүйнөнүн 25 өлкөсүнүн алдыңкы көз дарыгерлерин бир аянтчага чогултту. Бул тууралуу “Дордой - офтальмик сервис" көздүн микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан эл аралык Ысык-Көл офтальмологдор конгрессинде билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага 12 өлкөдөн алдыңкы көз дарыгерлери, ал эми заманбап жабдуулардын көргөзмөсүнө 13 өлкөнүн өкүлдөрү келген. Жалпысынан аталган конгресске 25 өлкөнүн дарыгерлери катышууда.
“30 жыл ичинде көптөгөн жетишкендиктерге жеттик. Чет өлкөдөн келген адистер да өз баяндамаларында бул прогрессти белгилеп жатышат. Бүгүнкү күндө бизде да Европада, Азияда колдонулган заманбап офтальмологиялык жабдуулар бар. Кыргыз көз дарыгерлери чет элдик кесиптештеринен артта калбашы керек. Биз ар дайым алдыда болууга умтулушубуз зарыл”, — деди Эшмамбетов.
Ал белгилегендей, конгресстин негизги максаты жаш көз дарыгерлерине билим берүү жана тажрыйба алмашууга шарт түзүү.