Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Коом 13 август 2025 13:30
Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 13.08.2025. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө 14-августтан 15-августка чейин туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.