Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында 100 балага ылайыкталган жаңы бала бакча курулууда

Аймак 1168 07 Февраль 2025 16:05
802620.b36f860380c5e9eda43940f5a2a94680.500-3.jpg
476806067_1128272458771802_2569148828135941091_n.jpg
476291155_1128272498771798_1052781302250223021_n.jpg
476164402_1128272488771799_7320290581319748652_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Архитектура, курулуш жана турак- жай коммуналдык чарба агенттигинин маалымат кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында 100 орунга ылайыкталган, жалпы аянты 946 чарчы метр болгон эки кабаттуу имараттан турган жаңы бала бакча курулууда.

Архитектура, курулуш жана турак- жай коммуналдык чарба агенттигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 79 млн сомду түзөт. Анда топтук окуу класстары, оюн жана уктоочу бөлмөлөр, ашкана, дарыгердин кабинети жана кабылдамасы каралган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 40 % түзөт бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бала бакчанын курулушу Өрнөк айылынын балдарын мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылууга жана алардын ыңгайлуу шартта тарбияланышына мүмкүнчүлүк түзөт.