Ысык-Көл облусунун башчысы Ак-Сууда жашоочулардын көйгөйлөрүн укту

Аймак 12 Май 2026 14:45
696467667_1300.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
692581211_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
695175047_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
696467667_1300.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
692581211_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
695175047_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакытбек Жетигенов бүгүн Ак-Суу районунун Нововознесеновка айылынын тургундары менен жолукту.

Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын кайрылуулары угулуп, алардын ар бири боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана кызматтарга тапшырмалар берилди.

Диалог учурунда айыл тургундары социалдык мүнөздөгү маселелерди, инфраструктураны өнүктүрүү, таза суу менен камсыздоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү маселелерин көтөрүштү.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде уюштурулуп жаткан мындай жолугушуулар жарандардын көйгөйлөрүн түздөн-түз жеринде ыкчам чечүүгө багытталган.

Ысык-Көл облусунун башчысынын бүгүнкү жолугушууларынын экинчи бөлүгү Ак-Суу районунун Каракол айыл аймагында уланат.