Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Ысык-Көл электр тармактар ишканасы 2025-жылдагы реконструкция жана модернизация иштерин жыйынтыктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Бул иштер аймактагы электр тармагынын эскирген бөлүктөрүн жаңыртууга, жоготууларды азайтууга жана жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталды.
Аткарылган негизги иштер:
- 90 чакырым 10/0,4 кВ эски алюминий зымдары жаңы, коопсуз жана ишенимдүүлүгү жогору СИП зымдарына алмаштырылды;
- 1300 эскирген жыгач мамы темир-бетон мамыга алмаштырылды;
- 18 10/0,4 кВ көмөк чордон орнотулуп, аймактын бир катар айыл-кыштактары туруктуу электр менен камсыз болууда.
- 23 көмөк чордонунун кубаттуулукту жогорулатылды.
Мындан тышкары, Жыргалаң өрөөнүндө 35/10 кВ "Үч чоку" жаңы көмөк чордонунун курулушу ийгиликтүү аяктап, ишке берилди.
Ошондой эле Жыргалаңдын аймагына: 12,8 чакырым жаңы кабелдик зымдар тартылып, 4 даана 10 кВ көмөк чордондору орнотулду.
Жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун жалпы кубаттуулугу 56,5 МВАга жогорулатылып, электр тармактарынын ишенимдүүлүгү өстү.
Анын ичинде:
- "Пржевальск" көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга алмаштырылды;
- "Восточный" көмөк чордонунда 16 МВА трансформатор 25 МВАга алмаштырылды;
- "Покровка" көмөк чордонунда 10 МВА трансформатор 16 МВАга алмаштырылды.
- "Жети-Өгүз" көмөк чордонунда 10 МВА трансформаторлор 16 МВА трансформаторлоруна алмаштырылды;
- "Южная-1", "Саруу", "Барскоон", "Кең-Суу", "Улахол" көмөк чордондорунда дагы ушундай эле иштер аткарылды.