Ысык-Көл облусунда үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи уюшулду

Аймак 3 март 2025 12:48
Ысык-Көл облусунда үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи уюшулду

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи уюшулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылында “Адал Агро плюс” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи уюшулду.  А

Белгилей кетсек, аталган айыл чарба кооперативинин карамагында 200 гектар жер аянты жана айыл чарба техникалары бар.

Кооперативдин негизги максаты - сапаттуу үрөндөрдү алууда инновациялык технологияларды колдонуу болуп саналат.

Эске салсак, 2024-жылда республика боюнча 59 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлгөн.