Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Кадамжай районунда жергиликтүү сүттү кайра иштетүү, мөмө-жемиштерди сактоо жана айыл чарбасын өнүктүрүү багытындагы иштер күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова райондогу бир катар объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Иш сапардын жүрүшүндө ал "Рахат Таң" сүттү кайра иштетүүчү заводунун ишин көрүп чыкты. Завод суткасына 1 тоннага чейин сүттү кайра иштетип, сүт жана айран өндүрөт. Ишкананын өзүнүн сүт багытындагы асыл тукум чарбасы бар. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундардан сүттү литрине 45 сомдон сатып алып, кайра иштетет.
Ошондой эле Рысгүл Акимжанова Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык соода-логистикалык борборунун иши менен таанышты. Борбордун жалпы сыйымдуулугу 350 тоннаны түзөт. Учурда анда 30 тонна алма, 40 тонна малина жана сакталууда.
Иш сапардын соңунда Рысгүл Акимжанова Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу менен райондо органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, соода-логистикалык борборлорду көбөйтүү жана өнөр жай аймагын түзүү маселелерин талкуулады. Район жетекчилиги өнөр жай аймагын курууга жер бөлүүгө жана органикалык продукция өндүрүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.